“Элибиз айдан аман, жылдан эсен болсун”-Президент

360

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-мартта, кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады.

Сиздерди Нооруз майрамы менен куттуктайм!
Нооруз – жаздын, тазаруунун, өзгөрүүнүн, жаӊы күндүн майрамы.
Тынчтыктын, өз ара түшүнүүнүн, биримдиктин жана ынтымактын салтанаты.
Эзелтен бул нукура элдик майрамды элибиз аруу тилек, жаңы үмүт, жаркын маанай менен тосуп, жыл башы катары кабыл алып келген.
Ата-бабалардан калган бул көөнөргүс салтыбызды дагы байытып, кийинки урпактарыбызга жеткиребиз.”

Мамлекет башчы өлкөбүзгө тынчтык жана токчулук каалап, алдыга койгон максаттар ишке ашуусун тилек кылды

Бүгүн ар бир үйдө берекелүү дасторкон жайылып, сүмөлөк кайнатылат.
Жергебиз майрам шаңына бөлөнүп, ыр-күлкү жаңырат. Баба дыйкан үрөн белендеп, жер айдоого камынат.
Кадырман калайык-журтум!
Нооруз жергебизге тынчтык жана токчулук алып келсин.
Элибиз айдан аман, жылдан эсен болсун.
Ар бир үй-бүлө бактылуу болуп, өлкөбүз өнүгүп, алдыга койгон ой-максаттарыбыз ишке ашсын.
Бардыгыңыздарга бекем ден-соолук, бакубат жашоо, ийгиликтерди каалайм.
Жараткан жар болуп, элибизде дайыма ынтымак, жергебизде тынчтык болсун. Кыргызстаныбыз гүлдөп, өнүксүн”.
деп билдирди президент куттуктоосунда

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь