Өмүрбек Бабанов кыргыз элин нооруз майрамы менен куттуктап социалдык тармактар аркылуу билдирүү таркатты. Ал өз билдирүүсүндө өлкөбүздө тынчтык жана акыйкаттык орун алуусун тилеп, аягында көрүшкөнчө деген сөзү менен аяктаган.
“Жаңылануу менен тынчтыктын символу болгон Нооруз майрамыбыз менен чын дилимден куттуктайм! Бул биримдиктин жана өнүгүүнүн күнү десем да болот.
Өлкөбүздө ар дайым тынчтык болсун, акыйкаттык менен өзгөрүүлөр коштосун! Ар бир үйгө бакыт консун! Майрамыбыз кут болсун! Жакында көрүшкөнчө”
Мындай билдирүү социалдык тармакта “Жаздын келиши менен Бабанов Кыргызстанга келет туура” деген пикирлерди калтырууда