Кытайдын Яньчэн шаарында жер семирткичтерди өндүргөн завод жарылды. Кырсыктан кеминде 47 киши каза болуп, 600дөн ашык адам жаракат алды. Алардын 32синин абалы өтө оор. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазууда
Маалыматка ылайык, жарылуудан заводго жакын жайгашкан бала бакчанын тарбиялануучулары дагы жабыркаган. Мындан тышкарын жакын жердеги турак-үйлөр менен мектептердин айнектери сынганы кабарланууда.
Бул завод 2007-жылы ачылган. Буга чейин 30дан ашык тез тутануучу химикаттарды өндүргөн компанияга коопсуздук эрежелерин сактабагандыгы жана айлана-чөйрөгө зыян келтиргендиги үчүн айыппул салынган.
💥🔥 Химический завод взорвался в китайской провинции Цзянсу. Рвануло так, что в соседних домах выбило окна, а агентство по оценке сейсмической активности зафиксировало землетрясение магнитудой 3.
Опубликовано НТВ Четверг, 21 марта 2019 г.