Интернет булактарында Нооруз майрамына карата өткөрүлгөн көк бөрү оюнунда жаш өспүрүмдүн оюнчуларды колдоп кыйкырган видеосу 1 күндө миңдеген көрүүчү топтогон. Анда күйөрман Кенжебек уулу Алихан кайсы бир командага жан тартып, колдоп, коштоп отурганын көрүүгө болот. Мындай кадамы үчүн ал бүгүн мэр Азиз Суракматовдун сыйлыгына татып, белекке ээр-токум, уюлдук телефон, китеп жана төш белги менен сыйланды.
Сыйлык тапшыруу аземи мэриянын фейсбуктагы баракчасына жарыяланды. Анда Суракматов “Ушундай жаш куйөрмандар барда, көк бөрү өнүгөт” деген оюн айтты.