Фейсбук колдонуучусу Али Асанбеков мигрант кыргыз такси айдоочусунун видеосун жүктөдү. Ал видеодо автор унаасына жарандар капчыгын унутуп калгандарын айтып ээсин издеп жатканын кошумчалаган. Капчыктын ичинде акча көп экендиги тасмадан даана байкалат.