Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүндө жаз майрамына карата аялдар арасында өткөн күрөш чыр менен аяктады. Бул боюнча “Турмуш” басылмасы жазды.
Маалым болгондой, Нооруз майрамында улуттук оюндар боюнча мелдеш уюштурулуп, анда аялдар дагы күрөшкө чыгышкан. Жыйынтыгында эки аялдын бири катуу жыгылганын айтып, чыр чыгарган.