Ноорузда өткөрүлгөн “Көк бөрүдө” улакчы ооруканага түштү

324

Нооруз майрамына карата өткөрүлгөн «Көк бөрү» таймашында Тогуз-Торо районунун курама командасынын оюнчусу Байыш уулу Мирлан ооруканага түштү. Бул боюнча анын жакындары Facebook баракчасына жарыяланганын “24 kg” маалымат агенттиги жарыялады

Маалыматка караганда, Байыш уулу Мирдан тайказанга улак салар алдында аттан кулап, омурткасын жабыркатып алган.

«Ага операция талап кылынат. 115 миң сом керек. «Көп бириксе көл болот, көл толкуса сел болот», демекчи Келиниздер, баарыбыз жапа тырмак жардам колун суналы», — деп жардам күтүшөт.

Улакчыга жардам көрсөтүүнү каалагандар төмөнкү телефондорго кайрыла алышат: 0707 144518, 0709 996370.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь