Орусияда миграциялык эрежелерди сактабай жүргөн кыргызстандыктарга 22-апрелге чейин Орусиянын чек арасынан чыгып, миграциялык картасын жаңыртууга мүмкүнчүлүк берилди. Бул тууралуу Москвадагы кыргыз элчилиги кабарлады.
Элчиликтин маалыматы боюнча, Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн Кыргызстандын жарандарына 22-апрелге чейин эч кандай тоскоолдуксуз чыгууга жана кайра каалаган учурда кирүүгө укук берилет.