Экс-депутат Равшан Жээнбековдун атасы Бабырбек Жээнбеков каза болду. Белгилүү журналист, Монополияга каршы жана атаандаштыкты тескөө агенттигинин мурдагы жетекчиси Бабырбек Жээнбеков бүгүн, 22-мартта, 68 жашында мезгилсиз дүйнө салды.
Буга чейин Равшан Жээнбеков Түркияда атасы Бабырбек Жээнбековго операция жасалганын билдирген.
Жээнбеков “Алиби” жана башка көз карандысыз гезиттерди негиздеген.