Трамп ” АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы келишимди чыдамсыздык менен күтүп жатам”

307

АКШнын Президенти Дональд Трамп КР Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Ал з куттуктоосунда “AKШ менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык келишимдин ийгиликтүү түзүлүшүн чыдамсыздык менен күтүп жатам” деп белгилеген. Бул маалымат президенттин расмий сайтына жарыяланды

Кубанычтуу жана гүлдөгөн Нооруз майрамыңыз менен Сизди, сиздин үй-бүлөңүздү жана Кыргыз Республикасынын элин чын жүрөктөн куттуктайм. Америкада жана дүйнө жүзүндө көптөгөн адамдар бул жаңылануунун жана кайра жаралуунун сонун майрамын бирге майрамдашат.
Биздин эки өлкөбүздүн ортосундагы 27 жылдык өнөктөштүгүбүз бай кызматташтык салттарына ээ. Келечекте кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн тереңдетүү үчүн AKШ менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык келишимдин ийгиликтүү түзүлүшүн чыдамсыздык менен күтүп жатам.
Нооруз майрамыңыз кут болсун”, – деп белгиленет Трамптын куттуктоо телеграммасында”

Эске салсак, 2015-жылы 21-июлда кыргыз өкмөтүнүн башчысы “Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жана АКШ өкмөтүнүн ортосунда 1993-жылы 19-майда Вашингтон шаарында кол коюлган кызматташтыкты жеңилдетүү тууралуу келишимди денонсациялоо” жөнүндө токтомго кол койгон.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь