Якутияда мигранттарга каршы дагы бир митинг болушу күтүлүүдө

305

Якутск шаарында мигранттарга каршы дагы бир митинг орун алышы мүмкүн. Аталган иш чара боюнча жергиликтүү бийликтин кабары жок. Бул билдирүүнү  21-мартта “Говорит Москвага” таянып “МК RU” сайты жазды.

Маалыматка ылайык, акция өткөрүү үчүн Якутиянын бардык региондорунан болжол менен 3 миңге чукул жаштар чогулуп жатат. Алардын көпчүлүгү спортчулар.

Бул боюнча жергиликтүү бийлик маалыматты тактаган соң жооп берерин билдирген.

Буга чейин дагы Якутскда мигранттарга каршы митинг өткөрүлгөн. Ал акция кыргыз мигранты  Якутиянын жаранын зордуктоого шектелгендиктен уюштурулган. Учурда кылмышка шектүү абакта. Ал күнөөсүн моюнга алган

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь