Астана расмий түрдө Нур-Султан шаары болуп өзгөрдү

394

Бүгүн 23-мартта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Астананы Нур-Султан шаары деп өзгөртүүгө кол койду. Бул жарлык бүгүнтөн тарта күчүнө кирет.


Башкалаанын аталышын өзгөртүүнү 20-мартта кызматына киришкен президент Касым-Жомарт Токаев сунуштаган. Ал отуз жылдай өлкөнү башкарган 78 жаштагы “эл башы” Нурсултан Назарбаевдин ысымын түбөлүк калтыруу зарылдыгын билдирген.

Казак парламенти бул сунушту колдоп, Конституцияга референдумсуз эле өзгөртүү киргизген мыйзам кабыл алган. Казакстандын Конституциясына ылайык, башкалаанын аталышы жалпы элдик добуш берүү аркылуу өзгөртүлүүгө тийиш болчу.

Бирок кечээ 22-мартта Казакстандын Астана жана Алматы шаарларында бир топ эл башкалааны Нурсултан деп өзгөртүүгө каршылыгын билдиришкен. Нооруз майрамында акцияга чыккандардын бир нечесин полиция кармап кеткен.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь