Жаңы Зеландиянын Крайстчарч шаарындагы мечиттерге террордук чабуул жасаган террорист өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу өлкөнүн вице – премьери, тышкы иштер министри Винстон Петерс билдирип, «Жаңы Зеландия тарыхынын эң чоң тергөөсү башталды»,- деди.
Винстон Петерс Ислам Кызматташтык Уюмунун террордук кол салуу тууралуу Стамбулда өткөрүлгөн кезексиз саммити үчүн Стамбулга келди. Анда жыйында Питерс: «Бул терракт — баарыбызга багытталган кол салуу. Террорист өмүрүнүн калган бөлүгүн бир кишилик камерада өткөрөт», — деп белгиледи. Ошондой эле Жаңы Зеландиядагы мусулмандар өздөрүн коопсуз сезүүсү үчүн керек болгон чараларды көрүшкөндөрүн айтты.
Эске салсак, 15-март күнү Крайстчарч шаарындагы мечиттердеги терракттан 50 киши набыт болуп, 40тай жаракат алган.
Терактка шектүү башкы кылмышкер Австралиянын жараны 28 жаштагы Брентон Таррант экени маалым болгон.