КТРКнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков өзүнүн инстаграм баракчасына ырдап жаткан видеосун жүктөдү.
Карыпбеков түнкүсүн оттун алдында олтуруп эргүүгө батып ырдаган видеосун жүктөп: ⠀
“Чыныгы жашоо эми башталат! Жашоонун ар бир көз ирмеми керемет! Жашоодо жашаган кандай жакшы! Достор жөн гана жашоодон ырахат алгыла”, -деп баяндама жазып жалпыга кутман кеч каалады.
Көпчүлүк катталуучулар “жакшы ырдайт экен”, “азамат” деген пикирлерин билдиришкен.
⠀
Эске салсак, Илим Карыпбеков КТРК башчылыгынын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу 2019-жылдын 19-мартында кызматынан кеткен.