Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Сауд Аравияга барды

320

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Camel Fest» эл аралык этнофестивалынын жабылыш салтанатына катышуу үчүн Эр-Рияд (Сауд Аравия Королдугу) шаарына барды.
Халид атындагы эл аралык аэропорттон Өкмөт башчыны Эр-Рияд шаарынын губернатору ханзаада Фейсал бин Бандар бин Абдель Азиз жана САК айлана чөйрө, суу ресурстары жана айыл чарба министри Абдулрахман бин Абдулмохсен Аль Фадли тосуп алышты.
Премьер-министрдин Сауд Аравия жетекчилиги менен бир катар эки жактуу жолугушуулары күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, «Camel Fest» этнофестивалы 9-мартта башталган, бүгүн 23-мартта жыйынтыкталат. Ага 90 мамлекеттин спортчу жана өнөр адамдары чакырылып, Кыргызстандан 2000ге чукул киши барган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь