Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курама командасы (23 жашка чейинкилер) Азия чемпионатынын тандоо турунда Сирия командасына утулуп калды. Тандоо турунун алкагындагы алгачкы беттеши кечээ 22-мартта орун алды. Анда Кыргызстан Сирияга 2:0 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калды.
Азия Чемпиондугунун тандоо турунда Кыргыз өлкөсүнүн жаштар курамы Иордания, Кувейт жана Сирия өлкөлөрү менен Е тайпасына туш келген. Кийинки беттеш 24-мартта Иорданияга каршы өтөт.
Азия чемпионатынын финалдык оюндары 2020-жылы январь айында Таиландда өтөт.