Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов автоунаасынын ичинде отуруп министрлерге ыр ырдады. Мындай маалыматты чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты. 21-март күнү Түркмөн эли Нооруз майрамын тосушуп, ага президент өзү дагы катышкан. Бердымухамедов майрамда адегенде бак отургузуп, андан соң унаасынын терезесин түшүрүп министрлерге ыр ырдаган.
Көпчүлүк интернет колдонуучулар президенттин бул жоругун күлкү катары кабыл алышканын комметарийлеринде жазышкан.
Түркмөнстандын президенти буга чейин дагы неберелери менен бир нече тилде ыр ырдап чыккан.