Жол эрежесин бузган айдоочулар айып пулду өз убагында төлөбөсө банктагы эсептери жана транспорт каражаттары камакка алынышы мүмкүн. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарланды.
“Айып пул белгиленген убакыт ичинде төлөнбөсө бир айлык мөөнөтү бүткөн соң күн сайын бир пайыздан туум кошулат. 100 күндөн кийин туумдун негизги суммасы айыппулдун суммасына теңелсе, материал сотко өткөрүлөт. Ошондой эле айдоочунун банктагы эсептери убактылуу тоңдурулуп, автоунаасы камакка алынат”деп жазылат маалыматта