Бишкектен Таласка кыз алып качкан 7 бала кармалды

275

Бишкектин Жибек Жолу жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинен Жогорку окуу жайлардын биринин 2-курсунун студентин 7 бала ала качып кетишкен.
23-март күнү 7 бала кыз ала качуу үчүн жолугушууга барышат, кыз алардын экөөнү тааныган. Бул боюнча “Ракурс” маалымат сайты жазды

Балдар кыздын телефонун алып коюп, Таласка алып кетишкен. Бишкек-Ош унаа жолунун 80-чакырымында кызмат өтөп жаткан ЖКККББнын кызматкерлерине унаа уурдалгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

«Хонда Степвагон» унаасын токтотуп текшерүүгө алганда кыз кыйкырып жардам сураган. Кызматкерлер дароо эле унаанын документтерин ачкычын алып коюшкан. Балдар каршылык көрсөткөндө, Жайыл районунун оперативдүү тобун чакырышкан.
Кыз милицияга арыз менен кайрылган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь