Спортчу Дарья Маслова Ташкентте өткөн мелдеште алтын медаль утуп алды. 21 чакырым 97 метр аралыктагы жарым марафондо жөө күлүк Дарья Маслова алтын медаль менен кошо 12 миллион сум өлчөмүндөгү байгени жеңип алды. Аталган аралыкты ал 1 саат 12 мүнөт 30 секундда басып өткөн
Маалыматка ылайык, Нооруз майрамына карата уюштурулган мелдешке 2 миң 500дөн ашуун спортчу катышкан.