Жалал-Абадта сот аткаруучулар пара алып жаткан учурда кармалды

234

2019-жылдын 20-мартында УКМК ККК тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун караштуу Ала-Бука районунун соттук аткаруучулар бөлүмүнүн кызматкерлери Д.С. и Ч.М. 25 000 (жыйырма миң сом) өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан учурунда кармалышты.

Маалыматка ылайык, кармалгандар алимент төлөө боюнча 67 000 (алтымыш жети миң) сом өлчөмдөгү карызы бар болгондуктан, Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгууга уруксат берүү үчүн жергиликтүү тургундан 30 000 (отуз миң сом) өлчөмдөгү акча каражатын талап кылган.

Материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү (опузалап пара талап кылуу) кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки териштирүүнүн негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь