Интернет колдонуучусу Биринчи май райондук аскер комиссариатынын сыртын видеого тартып жөнөттү. Автор өзү баамдагандай комиссариаттын сыртындагы сүрөттүн өзгөчөлүгү бир көргөндө байкалбашы мүмкүн, бирок кызыгы ал жерде Казакстандын солдаттарынын сүрөтү бакыйып аскер имаратынын сыртында илинип турат.
Мындай көрүнүшкө кайдыгер карап өтө албаган автор видеону социалдык тармакка жарыялады.