Футбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн жаштар курамасы 26-мартта Кувейтке каршы өткөрө турган беттешинин жыйынтыгынан көз карандысыз 2020-жылы өтүүчү Азия чемпиондугуна катыша албайт.
Азия чемпиондугуна тандоо турунун алкагында Сирия жана Иордания мамлекетинен жеңилип калгандыгына байланыштуу мелдештин финалдык баскычына жолдомо алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.
Андыктан өлкөнүн курамасы 2020-жылдын август айында Япониянын Токио шаарында өтүүчү олимпиада оюндарына катышуу мүмкүнчүлүгүн да жоготту.
Жайкы олимпиадалык оюндар 2020-жылы 24-июлда башталат.