Жаздын келиши менен айдоо себүү иштери кызуу жүрүүдө. Ошого байланыштуу буга чейин айрым эл өкүлдөрү күйүүчү майдын баасы боюнча өкмөткө бир топ сындарды айтып ортомчулардын айынан кымбат баада сатылып жатканын бир нече ирээт эскертишкен.
Ошол эле учурда өкмөт башчы өкмөттүк жыйындардын биринде тиешелүү мекемелерге тапшырма берип, көзөмдөөнү тапшырган. Бирок бир кыйла убакыт өтсө да күйүүчү майдын баасы эл өкүлдөрү белгилегендей баага түшпөй жатканына нааразы. Акыркы учурда өкмөткө эл өкүлдөр тарабынан көптөгөн сындар айтылууда себеби ишинин жарытаарлык эмес деген баа берип келишет