Мамлекеттик жана расмий: Визиттердин айырмасы эмнеде?

143

Орусиянын президенти Владимир Путин ушул жылдын 28- марттында мамлекеттик сапар менен биринчи жолу Кыргызстанга келет. Буга чейин ал расмий жана сапар менен бир канча жолу келген. Визиттин алкагында Кыргызстандын президенти Сооранбай Жээнбеков менен жолугушмакчы. Эки өлкө башчыларынын жолугушуусунда ондогон документке кол коюлары күтүлүүдө.

Мамлеккеттик сапар башкалардан эмнеси менен айрымаланат?
Иш сапарлардын ар кандай турү бар. Мамлекеттик сапар, расмий сапар, иш сапар, расмий эмес жолугушуу, жана галустугу жок жолугушуу болуп бөлүнөт. Ошонун арасынан мамлекеттик сапар башкалардан кадыр-барктуу деп эсептелет. Эмне үчүн?

Кыргызстанга жасалган сапарлардын эң абройлуусу мамлекеттик сапар. Анда эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлге алып чыгуу болуп саналат . Кайсы бир өлкө башчы башка өлкөгө бир гана жолу мамлеккеттик сапар кылат . Андыктан мамлекеттик сапарга келген ажого өзгөчө сый-урмат көрсөтүлөт.

Мамлеккеттик сапарга келген президентти аэропорттон тышкы иштер министри жана элчилер тосуп алат. Андан соң жолугушууга президент баштаган өлкөнүн баардык бийлик бутактары катышат.
Тар жана кеңири курамдагы сүйлөшүүлөр болуп ар кандай документтерге кол коюулушу керек. Журналистерге маалымат жыйын берилет. Мындан тышкары, бөлөк иш-чаралар да каралышы мүмкүн, маселен, театрга же гүлчамбар коюууга барышы мүмкүн.

Расмий сапардан айырмачылыгы мамлеккеттик сапарда сый көрсөтүү көп болот. Мисалы желектер аз илинет. Тосуп алууда Тышкы иштер министри эмес, өкмөттүн каалаган бир өкүлү тосуп алат. Расмий жолугушууда Жогорку Кеңештин төрагасы, премьер-министр жана өкмөт мүчөлөрү катышпайт. Жөнөкөй сөз менен айтсак, расмий сапар — мамлекеттик сапардын бөбөгү

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь