Россиянын президенти Владимир Путин казакстандык кесиптеши Нурсултан Назарбаев кызматтан кеткени жатканын ал расмий жар саларына эки саат калганда билген. Бул боюнча “Риа новости” жазды. Маалыматка ылайык, Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков:
“Нурсултан Абишевич өзү телефон чалды. Негизинен экөө мүмкүнчүлүк болуп калганда сүйлөшүп турушчу. Бул жолу расмий жар саларына эки саат калганда байланышка чыккан”, — деп билдирген
Маалымат катчынын айтымына караганда, Россия менен Казакстан жакын өнөктөш болгондуктан жакынкы арада дагы жогорку деңгээлдеги байланыштар болот.
Белгилей кетсек, 19-мартта Казакстанды 30 жылга чукул башкарган президент Нурсултан Назарбаев отставкага кетип, ордуна парламент сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаев келген.