Раиса Атамбаева менен Өзбек ханайымы дос: Кундуз Жолдубаеванын билдирүүсү

327

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева менен Өзбек ханайымы буга чейин достук мамиледе болуп келишкен. Эки тарап дайыма бири-биринен кабар алып турушкан. Мындай билдирүүнү КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева социалдык түйүндөгү баракчасына жазып чыкты.

Жолдубаеванын айтымында Раиса Атамбаеванын Өзбекстанга учуп кеткени тууралуу журналисттерден суроо көп берилип жатат. Андыктан ага жооп катары билдирүү таркаткан.

Эске салсак, Раиса Атамбаева уулу Кадыр Атамбаев өзбек ханайымынын чакыруусу менен кечээ, 24-мартта Ташкент шаарына учуп кеткен. Кайра 28-март Кыргызстанга учуп келээри белгилүү болду.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь