Россияда кыргызстандыктар эмгектенген базарда өрт чыкты

Россиянын Уссурийск шаарындагы базарда өрт чыкты. Кырсык катталган базарда 200гө жакын кыргызстандык соода кылат. Өрттүн кесепетинен жалпы аянты 350 чарчы метр имараттын ичиндеги кичи дүкөндөр күйүп кеткен.

Россиянын Приморск аймагы боюнча өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматы боюнча, өрт тууралуу билдирүү 23-мартта саат 12:30да келип түшкөн. Айтылган дарекке дароо өрт өчүрүүчүлөр жөнөтүлгөн. Ал эми саат 13:52де өрт өчүрүлгөн. Адамдар жабыркаган жок.

Өрттү өчүрүүгө 23 кызматкер жана 9 техника тартылды.

Булак: “Турмуш” басылмасы

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь