Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Эр-Рияд шаарында «Camel Fest» эл аралык этнофестивалынын жабылыш аземине катышты.
Фестивалдын жабылыш салтанатында театралдаштырылган оюндар жана концерттик программа тартууланды. Иш-чарага Сауд Арабиясынын королу Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауд, Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед ибн Салман Аль Сауд, Дубай эмиратынын башкаруучу династиясынын мүчөсү Хамдан ибн Мохаммед Аль Мактум, дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү жана башка жогорку даражалуу меймандар катышты.
Өкмөт башчы «Camel Fest» алкагындагы «Көчмөндөр ааламы» этнофестивалына катышкан Кыргызстандан барган чыгармачыл жамаат жана спорт өкүлдөрү менен жолугушуп, пикир алышты.