“Чылым чегүү жайларына” тыюу салуу ресторан бизнеси үчүн чыгаша алып келет. Мындай билдирүү бүгүн пресс-жыйында рестораторлор тарабынан айтылып, ишкерлер “КР жарандарынын ден-соолугун тамекинин жана ан керектөөнүн зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө” КР мыйзам долбоору кардарлар үчүн ыңгайсыздык жаратат дешет.
Бул ойду Россиядан келген жетекчилер дагы колдоп, алардын мамлекетинде аталган мыйзам 6 жыл мурда күчүнө киргендиктен анын оң жана терс жактарын тажрыйбадан өткөн өлкө катары айтып беришти. Орусиянын өкүлдөрү белгилегендей:
” Россияда бир канча жайларда чылым чегүүгө тыюу салынган. Анын кесепеттерин бир канча жыл өткөңдөн кийин гана биле алдык. Алсак, чылым чегүүдөн “Аэрофлоттун” чыгашасы жыл сайын 2млрд.долларга жеткен”
Эл аралык аэропорттор ассоцациясынын директору Сергей Никитин:
“Мурда атайын жайларда чегишчү. Азыр дааратканаларда, бурчтарда жашынып чегишет. Тобокелдик мурдагыдан дагы көп болуп калды. Тыюу салуу альтернатива бар жерде гана иштейт.”
Бул мыйзам долбоорунда өзгөчө Кыргызстандын тамактануучу жайлары чоң кесепетке дуушарланып жаткандыгын ата мекендик ишкерлер кошумчалайт.Чылым чегүү үчүн атайын жабдыктарды орнотууда эбегейсиз каражат керектелет. Аны жасабаса келгендерден көчөгө чыгып чегүүнү суранууга аргасыз болушат. Алар “мыйзам туура, бирок айрым жерлерине өзгөртүүлөр керек. Биз ишкерлер мыйзам түзүүчүлө менен сүйлөшүүгө ачык даярбыз.”
Ошол эле учурда эркин чылым чегип, бирок мыйзамды да сакташ керек. Ал үчүн коомдун пикирин дагы эске алуу зарыл дешет бүгүнкү пресс-жыйындын катышуучулары.