«Якутия боюнча жалпы орусиялык кыргыз конгрессинин өкүлдөрү кабарлагандай Якутияда учурда абал туруктуу. Кыргыз мигранттары жумушка чыга баштады.
«Мигранттарга карата коркутуулар токтоду» — азыр укук коргоо органдары ыкчам иш алып барышууда. Видеолордо мигранттарды коркуткандарды, алар өздөрүн видеого тартышпаса деле изи сууй электе кармашууда», — деп жазылат маалыматта.
Якутскта мигранттарга карата кырдаал 18-март күнү жергиликтүү тургунду зордуктоого шектелген Кыргызстандын атуулу кармалган учурда начарлап кеткен. Ал күнөөсүн моюнга алган көрсөтмө берген. Бир нече күндөн кийин дагы эки кыргызстандык зордукталган кызды «эркинен ажыратууга» шектелип кармалган. Якут эли бул кырдаалдан кийин мигранттарга каршы митингке чыгышып, социалдык тармактарга кыргыз мигранттарына болгон кысым күчөгөнү тууралуу маалымат жайылып кеткен