Өзбекстанда дин өкүлү камакка алынды

575

Өзбекстандын дин башкармалыгынын төрага орун басары Дильшод Хашимов камакка алынды. Ал экономикалык кылмыштарга карата айыпталууда.
Тагыраагы, ага Мусулмандар дин башкармалыгынын алдындагы “Вакф” кайрымдуулук фондунун “акчасын уурдаган” жана “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген жүйө тагылды.

Аталган фонд президент тарабынан өткөн жылдын апрель айында ачылган. Ага мечиттерди оңдоп түзөөгө, курууга деп ири өлчөмдөгү каражаттар түшүп турган.

Маалыматка ылайык, Дильшод Хашимов кызматка өткөн жылы август айында дайындалган. 2015-жылы мурдагы президент Ислам Каримовдун “Эрдик” медалына дагы татыган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь