“Бабанов качып кетти”-Руслан Казакбаев(ВИДЕО)

410

Руслан Казакбаев “Бабанов качып кетти” деген пикирин жаңылып айтып кайра күлүп жиберди. “Сырттка чыгып кетти, качып кетти дебедимби” деп сөзүн ондогон Казакбаев кечээ “Марал” радиосуна Бабановдун өлкөгө келиши боюнча маек берди. Анда ал УКМКнын мыйзам чегинде жооп берет дегени орой мамиле деп сыпаттап, Бабанов Бабанов өлкөгө келсе, мыйзам алдында өзүнүн актыгын далилдөөгө даяр экенин белгиледи.

Эл өкүлү мындан тышкары РАЖ лидерине карата ачылган кылмыш иши саясий өңүттө экенин билдирип, бул боюнча экс-президент менен дагы азыркы мамлекет башчысы менен дагы сүйлөшкөнүн билдирди. “С.Жээнбеков Бабанов туурасында жакшы пикирде”-деп айтты Казакбаев.

Коомчулукта Өмүрбек Бабановдун өлкөдөн чыгып кеткени боюнча ар кандай пикирлер айтылып келет. Маалыматтарга ылайык, ал 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин чет мамлекетке чыгып кеткен. Аны менен катар саясаттан кеткенин жарыялаган эле

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь