Бишкек-Кара-Балта жолун куруу ишин Кубатбек Боронов көрүп келди

284

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек-Кара-Балта жолун куруунун 4-фазасын ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты.

Иш чаранын жүрүшүндө, Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов жалпы долбоордук тилкеге эки кат асфальт бетон төшөлүп, көпүрөлөр, чакан жасалма курулуштар, аялдамалар жана тротуарлар оңдоло турганын айтты. Мындан тышкары алты жаңы жер өтмөгү курулуп, учурдагы төрт өтмөктү оңдоо ишке ашырылат.

“Бүгүнкү күнү жолдун түштүк тарабынан 3,7 км жана түндүк тарабынан 1,8 км асфальт бетондун төмөнкү катмары төшөлдү. Ошондой эле электр берүүчү линиялардын 205 жаңы тирөөчтөрү орнотулуп, 82 жерде суу түтүктөрүн куруу аяктады. Төрт көпүрөдө курулуш иштери уланууда (Жантай суусу, Сокулук суусу, Ак-Суу суусу, Ак-Суу сел нугу), Желамыш көпүрөсүндө иштер дээрлик аяктады.”

Министр кошумчалагандай, 2019-жылы жер казуу иштерин аяктоо жана жалпы 20,32 чакырым аралыкка асфальт бетон төшөө пландалууда.

«Бишкек-Кара-Балта жолунун курулушун аяктоо жана жол бетин кеңейтүү түндүк жана түштүк аймактардын ортосундагы унаа каттамдарын жөнгө салууга шарт түзөт. Бул тилке бүтүндөй өлкө үчүн зор роль ойнойт», – деп баса белгиледи Кубатбек Боронов.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь