Бишкек-Кара-Балта жолун салууда 2 кызматкер 800мин айлык алат

271

Эсептөө палатасынын аудиттери Бишкек-Кара-Балта унаа жолун салууда бир катар финансылык мүчүлүштүктөрдү тапты. Анын бири, жолду оңдоо иштерине деп ортомчу компания 80миң долларга жакын каражат бөлүп берген. Бирок бул сумма түзүлгөн келишимде каралган эмес.

Мындай көрүнүштү Транспорт жана жолдор министрлиги аталган каражат жер алдындагы сууларды тосууга жумшалган, каражат жумуш башталган соң бөлүнгөндүктөн келишимге кирбей калганы менен түшүндүрүшөт.

Ал эми жолду курууда 10 автоунаанын техникалык абалын жана күйүүчү май менен камсыздоо үчүн 2 кызматкер алынган. Кызыгы алардын айлыгы 800миң сомду чапчыйт. Бул маалыматка Транспорт министрлиги айлык акыны ортомчу компания камсыздааарын айтып, ага министрлик жооп бербей турганын кошумчалаган.

Транспорт министрлиги жолду салууда көзөмөлдөө, пландалган жумуштарды өз убагында бүтүрүү гана милдетин аркалай турганын дагы билдиришкен

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь