Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турган алгачкы мамлекеттик визити жаңы форматта өтөт. Башкача айтканда анда документтерге кол коюу иш-чаралары жаңыча форматта уюштурулуп, бул тажрыйба алдыда эл аралык деңгээлде дагы колдонулуп калуу ыктымалдыгы айтылат.
Жалпысынан кыргыз-орус макулдашууларынын негизинде 30га жакын келишимге кол коюлары күтүлүүдө. Мындан тышкары Путиндин Кыргызстанга жасаган сапарынын алкагында “Илимди жана билимди өнүктүрүү – келечекке белгон инвестиция” аттуу эки мамлекеттин жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форуму да болот.
Форумга Орусиянын 40ка жакын университетинин ректорлору келет. Конференция учурунда ректорлор ортосунда 70ке жакын макулдашууларга жана эки өлкө ортосунда кызматташуу тууралуу Меморандумга кол коюу күтүлүп жатат.