Дагы жакшы муфтий келип, башын шылкылдатып отурбаганы: Нургазы Мусаевден ой толгоо

608

Нарк менен салт байлыктан, бийликтен жана бизнестен жогору туруш керек

«Азия-Моллдо» элибиздин аброй-намысына шек келтирген Тимати-гейт болуп өттү.
Бу Тимати дегениңер чаар ала жыландан бешбетер денесинен чоло жер калтырбай татуировка тарттырган неме окшойт. Бурчтан эмес, алдыңан эле чыга калса, жүрөгүң бир «шуу» дей түшчүдөй…

Рок, топ, поп, бок-сак музыкалар шайтандан алынган илхам менен жазылган жинди ырлар деп түшүнөм. Деги эле адамдын табиятына туура келбеген музыка мунуңар. Рокту тынбай уга берген адамдын жашоосу Чым-Коргон менен аяктаары турган иш. Ишенбесеңер рок-музыканттардын өмүр баянын окугула. Рок, поп жана башки жинди музыканы коюп койсоң, адам эмес суунун да кристаллдары түрү суук болуп калат экен.

Анан ушу Тиматинин эмнесине кызыктыңар? Таң калам, эй. Урунарга тоо таппай, урушарга жоо таппай турган жаштарды түшүнсө болот. Энергиясын чыгарып, башынан буу чыкканча бийлебесе тура алышпайт. Бирок энергияны чыгаруунун рок, поп, бок-сак музыка уккандан башка деле жолдору толтура. Мисалы, футбол теп, топ кубала, мектептердин, шаарлардын стадиондору аңгырап бош турат. Ана ошол жерге барып алып, энергияңдын баарын чыгара бер.
Өспүрүмдөр, жаштар аккан суудай болот эмеспи. Эртең Тиматини кумир тутуп, денесине татуировка сайдырган, кара чаар жыландай жаштар Ала-Тоо аянтына тусовкага чогулса таң калбайм.

Идеологиялык багыт, улутка тиешелүү баалуулуктарга негизделген тарбия болуш керек да.
Карабургердин ээси Равшан ажы Сабиров деп жатышат. Равшан досуму тээ “Кербен” базарын куруп, контейнерлерди жайнатып, бизнестин майын чыгарып жүргөн кезинен бери билем. Мусулман, болгондо да ажы ишкер бизнесин кара чаар жыландай болгон немеге олчойгон гонорар төлөп, шайтаний ырларды ырдатып жарнама кылбай койсо деле болмок экен. Тамакты жакшы жасасаң, Тиматиси жок эле келип жей берет да кардар.

Депутат, министр жана башка чоң кызматтарда жүргөн азаматтарыбыз, таанымал бизнесмендерибиз өзүндө улуттук, мусулмандык баалуулуктарды сөзсүз ала жүрмөгү эп. Тиматиңер бери дегенде 5 миң доллар менен келди болуш керек. 350 миң сом дейли. 100 жарды-жалчы үй-бүлөгө бир айга жетерлик азык-оокат кайрымдуулук кылса болчудай экен. Бул мусулманчылыкка да, адамгерчиликке да жаткан сооптуу иш болмок экен. “Кинг-Конг акам өзү билади” – дегилечи, лекин улуттун намысына тийчү иш болуп жаткандан кийин жөн отура албайт экенсиң.

Ушундай иш болду. Дагы жакшы муфтий келип, музыка ыргагына башын шылкылдатып отурбаганы….

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь