Дарыгерлерди тазалаган жериңер боюнча отчёт бергиле деп ким кыйнап жатат?

290

Ысык-Көлдө дарыгерлер ар бир ишемби сайын ишембилик кылып жатышат жана анын отчётун талап кылышууда. Бул тууралуу “Барометр” сайты жазды
Маалыматка ылайык, кызматкерлердин бири:

“Ар бир ишембиде ишембиликке чыгып жатабыз. Эми ошол жасаган иштерибизди таблица түрүндө отчёт бергиле дейт. Кайсы жерге чыктык? Канча киши чыкты? Эмне жумуш жасалды ? Канча сомдук жумуш жасалды? канча саат иштедик? Канча тонна же болбосо кг таштанды чыгардык? Бекер иштегенибиз аз келгенсип эми отчёт беребизби? Бул эмне шылдыңдообу? Ушунун кереги бар бы? Ысык-Көл Обл Цмс сурап жатат. Ансыз да, акимат, айыл өкмөт келип текшерип кетет. Иштеп жатканда. Кабинеттеринде отуруп алып эле маалымат сурап отурат, биз айылда пациенттерден кол бошобойт”,-деп билдирген.

Бул маалыматка байланыштуу Ысык-Көл облустук администрациясына кайрылганыбызда. Ал жактан “Биз отчёт бер деп талап кылган жокпуз” деген жооп ала алдык. Уюштуруу иштер жана көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Ильяз Урмамбетов:

Дарыгерлерге мынча адам ишембиликке чыккыла, жасаган иш боюнча отчёт бергиле деген буйрутмалар берилген эмес. Бул боюнча маселе жарала элек. Ал эми ар ишемби сайын өздөрүнүн аймагын тазалоо коомдук иш болуп саналатда”-деп билдирди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь