Электр энергияга болгон карыз, кызматкерлердин айлыгын 2 айга кечиктирди

320

“Жалалабадэлектро” ишканасы кызматкерлерине эки айдан бери айлык бере элек. Бул маалымат социалдык тармакка жарыяланды. Маалыматка ылайык, аталган ишкананын кызматкерлери айлык ала албай жатканына нааразаычылыктарын билдиришүүдө

Мындай пикирге “Жалалабадэлектро” мекемесинин жетекчилиги айлык акы электр энергиясына болгон карыз көптүгүнөн төлөнбөй жатканын билдирди.
Электр энергияга болгон карыз 42 млнду чапчыйт. Ал эми маяна электр энергиясын кардарларга сатуудан түшкөн каражаттын эсебинен берилмек. Бирок жакынкы арада айлык төлөнөөрү дагы кабарланды

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь