Жигиттик деп ушуну айт: Атайылап топту дарбазадан сыртка тепкен (ВИДЕО)

385

Пенальтини атайылап дарбазадан сыртка тепкен Бекназ Алмазбеков чыныгы жигиттигин көрсөттү. 13 жаштагы кыргыз спортчусу Түркиянын “Галатасарай” клубунда ойноп келет. Ал команданын капитаны экени дагы айтылды.

Маалыматка ылайык, 14 жашка чейинки оюнчулардан турган “Галатасарай”-“Истанбулспор” беттешинде Алмазбеков айып аянтчасында жыгылып, беттештин калысы анын командасынын пайдасына 11 метрлик айып сокку дайындаган. Бирок эч кандай эреже бузулбаганын оюнчу өзү билдирген. Ага карабай калыс чечимин күчүндө калтырган. Андан улам Алмазбеков топту атайылап дарбазадан сыртка тээп, командасына пайда алып келбесе дагы, адилеттүүлүгү менен көпчүлүктүн алкышына арзыды. Буга карабай беттеш 2:0 эсебинде “Галатасарайдын” пайдасына чечилген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь