Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор MMA`ден кетти. Мындай кадамын ал социалдык тармактагы баракчасына бүгүн, 26-мартта жазды.
“Достор, бүгүн ММА аттуу спорттон кетүүнү чечтим. Кесиптештеримдин баарына алдыдагы беттештерде ийгиликтерди каалайм. Мен эми буга чейин карьерасын жыйынтыктаган мурдагы кесиптештеримдин катарына кошулам. Башкача айтканда, эми пенсиядамын”, – деп жазган Макгрегор.
Макгрегор 2018-жылдын октябрь айында UFC`нин чемпиондук куру үчүн өткөн беттешинде орусиялык Хабиб Нурмогамедовдон жеңилип калган. Ал жалпы жонунан 25 беттеш өткөрүп 21 жолу жеңишке жетишкен.
Булак “super.kg”