28-мартта В.Путиндин Кыргызстанга боло турчу визиттин алкагында Кыргызстан жана Орусиянын 8-региондор аралык конференция өтөт. Буга Россиянын региондордогу өкүлдөрү, губернаторлор, бизнесмендер келе жатат. Жалпысынан 700жакын кишинин катышуусу күтүлүүдө. Ишкерлердин жыйыны 27-28-март күндөрү Бишкек шаарында болот.
Эки күн аралыгында биргелешкен ишканаларды түзүү өндүрүштүү комплекс куруу, жеңил-өнөр жай, энергетика, айыл чарба багынтында кооперативдерди түзүү жана соода-сатык маселелери жана башка темаларда талкуулар болмокчу.
Инвестициялык мүмкүнчүлүктөр ишкерлердин ортосунда талкууланат. Айыл чарба багытын кайра иштетүү инфраструктура,туризм багытында контрактык кол коюу аземи да орун алуусу күтүлүүдө.