1600 жолу арыз жазгам карала элек! Митингке чыккандардын чыркыраган үнү(ВИДЕО)

490

Укук коргоочу Рита Карасартова өзүнүн баракчасына ак үйдүн алдына чыккан жарандардын арыз-муңун видеого тартып киргизди. Митингке Ош облусунун тургундары келген. Алар бийликтен Кара-Суу районунун акимине, прокуроруна, сотторуна жана Папан айыл өкмөтүнүн башчысы менен жооптуу катчысына чара көрүүнү талап кылышты. Чогулгандар бул адамдарды жер сатууга байланыштуу айыптап жатышат.

Ал эми Рита карасартова милиция кызматкерлеринин ишине нааразычылыгын билдирип:

“Адилеттүүлүк деги болобу бизде, же бийликке таянып алып, алдым жуттумдар, чоң муштумдар үстөмдүк кыла беришеби?
Эмнеге милициялар, бул тынч жыйынга келген адамдардын транспорантын айрып жатышат?
Биз эмне оюбузду эркин айтканга укугубуз жокпу?”
деп билдирүү калтырган

Митингке чыккан элдердин колундагы кагаздары милиция кызматкерлери тарабынан айрылып жатканы буга чейин интернетте тараган

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь