Аскер комиссариаты чуу жараткан сүрөттү алып салышты

254

Буга чейин коомчулуктун сынына кабылган Биринчи май аскер комиссариатынын алдындагы илинген сүрөт кызматкерлер тарабынан алынды. Бул боюнча аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Белгилүү болгондой ал баннерде Казакстандын аскерлеринин сүрөтү чагылдырылып, аскер кийиминде “Казакстан” деген жазуу болгон.

“Ал сүрөт алынды, тиешелүү адамдар жазага тартылат” деп жазылат маалыматта

Эске салсак, “Eldik.Media” порталы аталган видеону өзүнүн баракчасына жарыялап, ал коомчулуктун сынын жараткан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь