Бабановдун тарапташтары УКМКга жооп берди

309

“Өмүрбек Бабанов эл менен мамлекет алдында күнөөсү жок экенин жана Кыргызстанга жакынкы аралыкта баары бир кайтат”. Бул тууралуу саясатчынын өкүлү Ислам Каргабаев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Ал учурда чет өлкөдө жүргөн Бабанов менен сүйлөшкөнүн айтты.

Мен аны менен сүйлөштүм. Ал өзүнүн милдеттерин мамлекет жана эл алдында аткарганын, ошондой эле өлкөгө кайтарын айтты. Биз анын чечимин колдойбуз. Кылмыш иши президент Алмазбек Атамбаев, УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев жана башкы прокурор Индира Жолдубаеванын мезгилинде саясий көз караштардын негизинде козголгон”,

Ал эми Бабановдун адвокаты Амантур Абдрахманов жүргүзүлгөн экспертизалар саясатчынын күнөөсү жоктугун далилдегенин белгиледи.

“Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине биринчи экспертизанын жыйынтыгын төгүндөгөн төрт экспертизанын жыйынтыгын бергенбиз. Бирок тергөө аны эске алуудан баш тартты. УКМК менен биз тараптан жүргүзүлгөн экспертизанын ортосунда карама каршылык байкалгандыктан, кошумча экспертиза жүргүзүүнү дагы сунуштаганбыз”, — деди адвокат.

Белгилей кетсек, Башкы прокуратура Өмүрбек Бабановго карата Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө чакырык жасады жана улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутту деген кине менен 2017-жылы 4-ноябрда кылмыш ишин козгогон.

Ал эми 2018-жылы сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы депутат Өмүрбек Бабановго карата бийликти күч менен басып алуу, массалык башаламандык уюштуруу боюнча козголгон кылмыш ишинин тергөө процесси токтотулганын билдирген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь