Баткендиктер “Жеңиш Разаков тыңчы” дегенди төгүндөп чыгышты

264

Баткен облусунун жашоочулары тагыраагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы, Үч Дөбө айылынын башчысы, жашоочулар Разаковду чэт элдик кызматтын “тыңчысы” деген сөздү чындыкка дал келбейт деп чыгышты. Буга чейин вице-премьер-министрдин тажик чалгынына тиешеси бар деген маалыматтар тараган болчу.

Бул кептер Жогорку Кеңештин трибунасында дагы айтылып, эл өкүлдөрү Разаковду азырынча кызматын тапшырып турганы дурусураак деген сунушун бергендер да чыккан.

Бүгүн маалымат жыйын өткөргөн Баткендиктер мындай кептердин тарап кетишине, тажик тараптар дагы кызыктар экендигин айтышты.
Алар чек ара маселесин чечүүдө башка кишинин келишин каалашат. Себеби Жеңиш Разаков бул тармакты мыкты билген адам. Аларга алданбайт. Бүгүнкү күндө парламентте чек ара маселеси талкууланбай эле, Жеңиш Парпиевичти күнөөлө учурлар басымудуулук кылып кетти. Депутаттардын ага асылуусу уят.”

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь