Жол кырсыгына кабылган жаран мерт кетти(Сүрөт)

183

27-мартта Кара-Балта шаарында жол-транспорт кырсыгынан «Тойота Ленд Крузер» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу каза болду.

Алдын ала маалыматтарга караганда, болжол менен саат 16:30 нефтебазанын жанында жолтандабас менен «КамАЗ» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа бет маңдай кагышкан. «Тойотанын» айдоочусу карама-каршы тилкеге чыккан.

Тез жардам кызматынын фельдшеринин айтымында, окуя болгон жерге барган учурда айдоочу алар келгенге чейин эле каза болуп калган. Айрым маалыматтарга караганда, 1970-жылы туулган маркум жергиликтүү ишкер болгон.

Булак “Тurmush”

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь