Президент Жээнбеков Россиянын жогорку окуу жайларынын ректорлору менен жолукту(Сүрөт)

232

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен Россиянын алдыңкы саптагы жогорку окуу жайларынын ректорлорунун жыйынына катышып, орус тилинин макамы тууралуу айтты.

Ал орус тилинин Кыргызстанда расмий тил катары статусу сакталарын билдирди.
Мамлекет башчы катышкан “Илим жана билим берүүнүн өнүгүүсү — келечекке инвестиция” аттуу форум РФ лидери Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик иш сапарынын алкагында бүгүн өтүп жатат.

Жээнбеков эки тараптын илим-изилдөө жаатында да өз ара кызматташуусу маанилүү экендигин баса белгиледи.

“Биздин элдердин тарыхын, маданиятын, салттарын окуп-үйрөнүүгө, изилдөө боюнча багыттар эки өлкөнүн келечеги үчүн абдан маанилүү. Билим ар кыл маданияттар менен тилдерге болгон урматтоону жаратарын сонун түшүнүп турабыз”, — деген президент.

Жыйында евразиялык жалпы билим берүү мейкиндигин калыптандыруу жана бекемдөө, кызматташууну кеңейтүү маселелери талкууланып жатат.

Форумдун жыйынтыгында КР жогорку окуу жайлардын ассоциациясынын жана Россиялык ректорлор союзунун кызматташтыгы тууралуу макулдашууга кол коюу күтүлүүдө.

Россия менен Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ортосундагы биргелешкен программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу, кызматташуу боюнча эки тараптуу 79 келишимге кол коюлат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь