Садыр Жапаровдун тарапташтары 23-апрелде мөөнөтсүз митингге чыгышат. Бүгүн “Мекенчил” партиясынын өкүлдөрү билдирүү таратышты. Алар аталган партиянын мурдагы башчысы Садыр Жапаров, Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов сыяктуу мыйзамсыз камакта жаткан саясатчылардын боштондугун талап кылабыз дешет.
Мелис Аспеков: “Ата-Мекен” саясий партиясы менен биргеликте бул демилгени көтөрүп чыктык. Бирок бул деген алдыдагы шайлоого болгон биригүү дегенди түшүндүрбөйт” деди, ошондой эле ал “Садыр Жапаров акталууга жаңы жагдайлар ачылгандыктан, толугу менен акталып чыгышын талап кылабыз” деп кошумчалады
Мекенчилдер эгерде бул сотто Садыр Жапаров акталып чыкпаса, бийликке каршы оппозициялык маанайдагы саясатка өтөөрүн билдиришти.
Мөөнөтсүз митинг эртең менен саат 08:00дө Жогорку соттун алдында башталат.