Чүй областында бир топ кылмыштарды жасап жүргөн үч өспүрүмдү колго түштү.
15-мартта Аламүдүн ИИБне каракчылык менен кол салуу фактысы боюнча арыз түшкөн. Арашан айылынын тургуну 15-мартта болжол менен саат 02:30да анын үйүнө бет кап тагынган үч белгисиз адам кирип бычак такап коркутуп тоношконын айтып арыз берген.
Иликтөөнүн жүрүшүндө ички иштер кызматкерлери 15 жаштагы Ж.А., жана К.М, ошондой эле 16 жаштагы М.Д. кармалды. Алардын экөө Чүй областынын, бирөө Бишкек шаарынын жашоочусу экени аныкталды.
Иликтөө маалында алар буга чейин дагы Чүй областынын аймагында ушундай кылмыш ишин жасашканы белгилүү болду.
Бул материалдар боюнча тергөө башталды
Булак: Барометр